Урматтуу жарандар (Айылдын тургандары)!

Коронавирустун жайылуу коркунучу күчөгөндүгүнө байланыштуу сиздерден сураныч: – Өзгөчө муктаждык болбосо үйүңүздөрдөн чыкпаңыздар; – Коомдук жайларга барбаңыздар; – Эл жыш жайгашкан жерлерден алыс болуңуздар; – Балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар, алардын балдар аянтчасына, компьютердик оюндар клубдарына барууга тыюу салып, бетти жана колду жуунун гигиеналык эрежесин так сактоону түшүндүрүп бериңиздер; – Дарыгерлердин жана башка адистердин сунуштарын так (кыйшаюсуз) аткарыңыздар; – Өздүк гигиена каражаттарын колдонуңуздар; – Үй шартында карантин эрежелерин сактаңыздар; – Өзүңүздөрдү элдерден оолак кармаңыздар; – Жугуштуу оору күмөнү пайда болгон шартта *112, *118, (0312) 332853 телефондоруна кайрылыңыздар. Маалымат катары, жарандардын ары бери жүрүүсүнө чек коюу максатында карантин посттору коюлду. Чектөө коюу боюнча көрүлгөн чараларга түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранам. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден-соолугуна кам көрүүгө, коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюуга, биз биргеликте гана жетише алабыз. (Жеке автоунаалардын көрүнүктүү жерлерине *112, *118, (0312) 332853 телефондорун жабыштырып алуу зарыл )

Жооп калтыруу