Суусамыр айылындагы “Суусамыр Нуру” бала-бакчасына кошумча тайпа ачылды
“Суусамыр Нуру” бала-бакчасына кошумча тайпа ачуу аземи болуп өттү. Расмий иш-чарага Жайыл районунун акиминин орун басары Э.Аманкулов, Жайыл райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Т.Арыков жана ошондой эле тиешелүү кызмат адамдары катышышты. Бул тайпаны ачууга, керектүү эмеректерди сатып алуу үчүн Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.










